Астротөлгө: 3-ноябрь күнү төрөлгөндөр өз көмөчүнө гана күл тартуудан уялбайбы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

3-ноябрь күнү төрөлгөндөр убакытка уттурбоонун аракетин көргөн тынчы жок келип, тобокелге бара алышат. Башкаларды ойлоп отурбай алдыга койгон конкреттүү максатына жетүүдө өз көмөчүнө гана күл тартуудан уялбайт. Атаандаштарын өзгөчө ыкмаларын колдонуу менен артка калтырат жана көңүлү сүйбөгөн кишиге жакын да жолобойт.

Айрым адамдар менен убакытты бекер короткондун ордуна башка пайдалуу иштер менен алек болууну эп көрөт. Эмоциялуу болушкандыктан көпчүлүктүн алдында уят болуудан качып, ар бир кадамын ойлоп басууну адатка айландырышат. Өзү сындуу ой жүгүрткөн санаалаштары менен чогуу маектешүүдөн тажабайт. Ачуусуна тийгендерди аяп отурбастан чагылгандай бир тиет, бирок сабырсыздыгы үчүн кийин өзүн күнөөлөйт.

Бул күнү төрөлгөндөр түрдүү иштин эбин таба билген, тажрыйбалуу жана сезимтал адамдарды өзүнө түгөй болууга татыктуу деп эсептешет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан