24-май күнү ачык-айрым кулк-мүнөздүү эгиздер төрөлөт. Алар бардык курактагы адамдар менен тил табышып кетет. Жылдыздуу, акылдуу жана бардык ишке эптүү болушат. Кандай адамдар менен байланыш түзүү керектигин, өзүнө эмне керек болуп жатканын жакшы билишет.
Жаратылышынан сөзгө чечен болуп, ар кандай мелдештерде ынандыруучу сөз сүйлөп, жеңип чыга келет. Турмуштагы жагдайларга оңой көнүп, жеңил кабыл алат. Анткени каршы турууга, каршылашууга дайым даяр турган тарсылдаган адамдар.
Коомдук, саясий маселелерге кызыгышат. Сындаганды жакшы көргөндүктөн акылдуулугун, тамашакөйлөгүн сын аркылуу билдирет. Ою бат өзгөрүлүп, жакындарынын ишенимин жоготуп алат. Баса, көп сүйлөө менен маектешин тажатып алат.
Бул күнү жарыкка келгендер үй тиричиликтерин жасоону жактыра бербейт. Андан көрө үй кызматкерин иштеткенди туура көрөт.