Астротөлгө: 20-ноябрь күнү төрөлгөндөр жөнөкөй жана сабырдуу түгөй менен өмүр кечирүү жеңил болоруна ишенишет
20-ноябрда төрөлгөн адамдар эмоциялуу, жакындарына талапты катуу койгон талапчыл, ошол эле мезгилде чыдамкай болушат. Алар өжөр, намыскөй болгондуктан кандай нерсе болсо да тырышып жыйынтык чыгарууга аракет кылат.
Бул күнү төрөлгөндөр өзүнө ылайыктуу өнөктөш тапса, аны дароо жактырып, колунан келген жардамын берип аны сүйдүрүп алууга болгон аракетин кылат. Колу ачык болгондуктан өнөктөшү эмнени кааласа ошол нерсени тартуу кылууну жактырат.
Түгөй катары сыртынан өзгөчө, сулуу, акылдуу көрүнгөнү менен бой көтөрбөй, менменсинбей өзүн жөнөкөй сезген адамдарды тандайт. Сабырдуулук, жөнөкөйлүк үй-бүлөлүк жашоодо маанилүү деп эсептешет. Андыктан мындай түгөй менен өмүр кечирүү жеңил болоруна ишенишет.