Германиянын канцлери Ангела Меркелдин апасы Герлинда Каснер 90 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматта Каснер апрель айында каза болгону жазылган, бирок так датасы белгиленген эмес. Немис бийлигинин өкүлү Штеффан Зайберт аталган маалыматты тастыктап, жалпыга маалымдоо каражаттарынан Меркелдин жеке жашоосуна сый мамиле кылууну өтүнгөн.
Герлинда Каснер 1928-жылы азыркы Польшанын аймагындагы Гданьск шаарында төрөлгөн. Англис жана латын тили мугалими болуп иштеген Каснер 1950-жылы диний ишмер Хорст Каснерге турмушка чыгып, 1954-жылы Ангела аттуу кыздуу болушкан. Меркелдин атасы 2011-жылы 2-сентябрда каза болгон.