Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов кызматтык транспорт маселесин көтөрдү.
"Аймактарды өнүктүрөбүз деп көп нерселерди айтып жатабыз. Айыл аймактардын башчылары, айыл өкмөттөрү жоор мингичтей болуп, 10 жылдан ашкан эски транспортторду 1 күн минип, 10 күн оңдотуп жатышат. Биз бул маселени качан чечип, кантип аймактарды өнүктүрөбүз? Мен бул маселени 2-3 жылдан бери көтөрүп келем.
453 айыл өкмөтү бар, ар бири жылына 70 миң сомдон транспорттук чыгымга жок кылат. Ушул сумманын 2-3 жылдыгын чогултуп бир берсе, 10 жылга бул маселе чечилет эле. Азыр Орусия менен мамилебиз жакшы болуп калды, аларга кайрылып арзандатуу менен Нива унааларын алсак кандай болот? Аким, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн унаалары жүрбөй калды", - деди депутат.
Буга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: "Бул маселени көптөн бери көтөрүп жүрөсүз. Жакын арада чечип беришибиз керек", - деп жооп берди.
"Техника болбосо, жетекчилер иш аткара алышпайт, муну сиз жакшы билесиз да" деп кошумчалады депутат.
Жогорку Кеңештин жыйынында "Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.