Өзгөн районунда атасынан боюна бүткөн 15 жаштагы кыз көз жарды. Маалыматты SUPER.KG порталына "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова тастыктады.
Анын айтымында, 15 жаштагы кыз ай-күнүнө жетпей, операция жолу менен көз жарган.
"15 жаштагы өспүрүм кыз 5-апрелде көз жарды. Баласынын салмагы 2 килограмм 400 грамм. Учурда ал төрөтканадан чыга элек. Туугандары кызды багууга шарт жок экенин билдирип, элдин сөзүнөн уялып аны алып кетүүдөн баш тартышты. Кызды төрөтканадан чыгары менен биздин кризистик борборго алып келебиз. Ден соолугу жакшырганча бул жакта болот. Андан кийин аны балдар үйүнө өткөрүп беришибиз мүмкүн. Азырынча бул тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Асанбекова.
Ушул жылдын башында Өзгөндө өз атасы тарабынан зордукталган кыздын 6 айлык боюна бүтүп калганы белгилүү болгон. Зордуктоого шектелген атасы 20-январда камакка алынып, кызы социалдык кызматкерлерге өткөрүлүп берилгени маалым болгон.
Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, азыркы учурда бул боюнча тергөө иши жыйынтыкталып, 2 күн мурда, тактап айтканда, 9-апрелде Өзгөн райондук соту тарабынан соттук процесс башталды.