super.kg logo

Кант шаарында 12 жаштагы баланы уурдап кеткендер изделүүдө. Окуя видеого түшүп калган

 

Кант шаарында белгисиз адамдар 12 жаштагы баланы таксиге салып уурдап кетишти. Маалыматты Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, окуя бүгүн, 11-апрелде саат 8:40 чамасында болгон.

"11-апрелде саат 9:00 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 12 жаштагы бала уурдалганы боюнча маалымат келип түштү. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кант шаарынын 2-кичи районунда белгисиз адамдар Хонда Фит үлгүсүндөгү унаага 12 жаштагы Данил Браилкинди күч колдонуу менен салып, из жашырып кеткендиги аныкталды.

Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп айтылат маалыматта.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы жоголгон баланын турган жерин көргөн-билгендер болсо же сүрөттөгү ак түстөгү унаа тууралуу маалыматтарды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт:

102; 0312 430 127; 0312 438 885; 0700 282 699.



Кант шаарында 12 жаштагы баланы уурдап кетишти

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
11.04.2019. 15:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
20-05-2019 01:34
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким уурдап кетиши мумкун ? Ата энеси чогуу жашайбы же жокпу ошолордун бироосу алып кеткен жокпу?же чужой эле бироолор апкеттиви
11.04.2019. 18:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
23-11-2016
Соӊку аракети:
22-05-2019 21:06
Жынысы:
Белгисиз
0
саат 9:00 го окшошпойтгоо
11.04.2019. 20:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
22-05-2019 17:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым кадимкидей эле уурдашыптыр го
11.04.2019. 20:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
22-05-2019 22:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Тапса болгудай.
11.04.2019. 21:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
22-05-2019 11:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурдагандарды олум жазасына тартуу керек Балага дагы, ата энесине дагы кыйын болуп атат да.
11.04.2019. 21:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
04-03-2015
Соӊку аракети:
22-05-2019 23:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эркин Тоо
0
Кимдер уурдады болду экен
11.04.2019. 22:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
22-05-2019 11:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылыптыр Бишкектен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126751;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: