Ак-Суу районундагы суунун жээгинен 14 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булак айылында 14 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү аталган айылдын 14 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну саат 13:00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Эртеси аны ата-энеси издеп, жыйынтык чыкпаганда милиция кызматына кайрылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө жансыз дене 10-апрелде Ак-Булак айылындагы Түргөн суусунун жээгинен табылган. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, баланы текшерүүгө алганда анын денесинде күч колдонулган белгилерди тапкан эмес. Ал тоңуп каза болгон деп божомолдонууда.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы чыкканда гана баланын өлүмүнүн себеби айтылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2019-04-11 23:21:20
Он гулунун бири ачылбай кетиптир..жаткан жери жайлуу болсун,бейиштен орун аосын,жакындарына сабыр берсин..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан