Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын тургуну 15 жаштагы Диляра Абдурасулова изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуучу 5-апрель күнү мектепке кеткен боюнча үйгө кайрылып келген эмес.
"Мектепте ал 8-класста окуйт. Ал ошол күнү мектепке дагы барган эмес. Апасынын айтымында ал акыркы күндөрү спорт менен машыгып үйүнө кеч келе баштаган. Мындан улам кыздын апасы аны машыгууга жибербей турганын айткан. Акыркы жолу эне-баланын ортосунда ушул боюнча сүйлөшүү болгон. Учурда милиция кызматкерлери кызга издөө иш-аракеттери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Жалал-Абад ОИИБи сүрөттөгү Диляра Абдурасулованы көрүп-билгендер болсо 102 номерине чалып коюну өтүнөт.