Түркиянын Анталия шаарында Кыргыз кызы уурдалганын чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, окуя 10-апрель күнү саат 15:30 чамасында болгон.
Анда полицияга курбумду түртүп унаага белгисиз адамдар салып кетти деген билдирүү менен кыз кайрылган.
Окуя Анталиянын Кызыл-Сарай көчөсүндө болгон. Анда Кыргыз кыз аталган шаарга курбусуна барган жана экөө сейилдеп жүргөн убакта бул окуя болгон.
Уурдалган кыздын сумкасында акча жана анын документтери болгон. Полиция учурда бул факты боюнча издөө иштерин жүргүзүүдө.