Кытайда жигитинин үйлөнүү тоюна ак көйнөкчөн келип алган кыз тойду үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, үйлөнүү үлпөт той учурунда ак көйнөк кийип залга кирип келген экинчи кыз элдин көңүлүн бурган. Ал үйлөнүп жаткан мырзанын жанына барып анын колун кармаган.
"Ал кыз үйлөнүп жаткан мырзанын буга чейин сүйлөшүп жүргөн кызы болгон. Экөө пикир келишпестиктин айынан кол үзүшкөнү маалым. Ал залга кирип келгенде үйлөнүп жаткан мырза колуктусун өбөйүн деп жаткан болгон. Бул учурда мурунку сүйлөшкөн кызы тизелеп кулап "Күнөөнүн баары менде, мага дагы бир мүмкүнчүлүк бер!" деп ыйлап баштаган. Мунун баарын турмушка чыгып жаткан колукту оозу ачылган бойдон карап турган. Айласы кеткен жигит мурунку сүйлөшкөн кызын түртүп, колуктусун кетирбөө аракетин көргөн. Бирок ызаланган колукту кол шилтеп залдан чыгып кеткен. Натыйжада үйлөнүү үлпөт той үзгүлтүккө учураган", - деп айтылат маалыматта.