Астротөлгө: 12-апрелде төрөлгөндөр лидерликке умтулган, оптимист болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

12-апрелде туулгандар коомдук маанайды ыкчам кабыл алып, ошого жараша өзүн алып жүрүүгө, коомго дал келүүгө аракет жасашат. Алардын адамдар менен оңой жана шыдыр пикир алышып кетүүсүн мүнөзүндөгү "каймак" деп бааласа болот. Бул күнү төрөлгөндөр айланасындагылардын көңүл борборунда болууну каалашат. Харизмасы күчтүү, ораторлук даремети бийик болгондуктан 12-апрелде төрөлгөндөрдүн арасынан саясий ишмерлер жана лидерлер көп чыгат.

12-апрелде туулган эркектер ар дайым шайыр мүнөз, ишенимдүү, адамга берилгендиги менен айырмаланып, энергиясы мол жана идеалист келишет. Алар ар дайым кыймылда жүрүшөт. Өзү жана тандаган аялзаты үчүн жаркын эмоцияларды, кумардуулукту тартуулап, жеңишке шай, динамикалуу өмүр сүрөт. Алар ар дайым биринчи болууга аракеттенип, жашоосунун көп бөлүгү күрөш, таймаш, алдыга умтулуу менен өтөт.

12-апрелде жарыкка келген айымдар көз карандысыз, күчтүү жана акылдуу келишет. Астрологиялык божомолдорго таянсак, бул күнү төрөлгөн айымдар оптимист, март жана түгөйүнөн ар дайым көңүл бурууну талап кылып турган мүнөздөргө ээ. Алар бетке айткан жагынан биринчиликти беришпейт. Кырдаалга жараша баарлашып жаткан адамына болгон көрүнүштү ачык, бетке айтып, идеалисттик сапаттарын жашырышпайт.

Жалпы жонунан бул күнү төрөлгөн адамдар достукка бекем, адамдардан өзгөчөлөнүп турган пикирлерин колдоочу досторду күткөндөр болуп саналат. Алар канчалык энергияга бай болбосун, көпчүлүгү сыртынан токтоо, бир мүнөз, оор басырыктуу көрүнүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан