31-августта төрөлгөн бийкечтер, ачык-айрым адамдар болушат. Булар көңүл чордонунда болууну жактыргандыктан курчап турган достору көп. Алар ар бир адам менен кандай сүйлөшүүнү жана кандай мамиле кылууну жакшы билишет. Ошондуктан булар айланасындагы адамдар менен бат тил табышып, аларды сыйлап, көңүл буруп турушат.
Бул күнү жарыкка келген адамдар жеке мамиледе назик болуп, өнөктөшүнө берилүү менен мамиле кылышат. Алар энергиялуу жана активдүү болгондуктан кандай кыйынчылык болбосун өнөктөшүнө жардам берүүгө дайым даяр.
Ушул күнү төрөлгөндөр башка бийкечтер сыяктуу эле эмгекчил болушат. Алар талапчыл болгондуктан кандай жумушта иштебесин колунан келишинче күчүн жумшоого даяр. Албетте, булар дагы жалгыз эмес, команда менен иштөөнү жактырышат. Берилген ар бир тапшырманы ийгиликтүү аткарууга аракет кылышат.