Астротөлгө: 18-сентябрда төрөлгөн адамдар бир сырдуу болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

18-сентябрда төрөлгөндөр өзүнө ишенген, токтоо, бир сырдуу адамдар болушат. Булар сезимдери буркан-шаркан болуп кайнап жатса да эч кимге билгизбей ичине сактап жүргөн адамдар болушат. Алар ичинде болуп жаткан маселелерин, сырын өзү ишенимдүү деп эсептеген гана адамына айтышат.

Ушул күнү төрөлгөн бийкечтер сүйүктүүсү үчүн жаркыраган, өзгөчө бир сырдуу, өзүнө ишенимдүү адамдай көрүнөт. Бул күнү төрөлгөндөрдүн башкы темасы - сулуулук. Буларга назик, аяр мамиле кылып, көңүл буруп жана колдоо зарыл. Ошондо гана өнөктөшүнө берилүү менен мамиле кылат.

18 санынын алдында төрөлгөндөр өз ишинин мыкты чебери болот десек да жаңылышпайбыз. Анткени булар кандай жумушта иштебесин майын чыгара жасап, бат эле ийгилик жарата алышат. Аракетинин артында карьералык тепкичте тез эле жогору көтөрүлүп, алдыга умтулуп, ийгиликтүү адамдардын катарын толуктай алышат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан