Астротөлгө: 15-апрель күнү төрөлгөндөр адам менен оңой тил табышат

15-апрель күнү төрөлгөн адамдар коммуникабелдүү, эркиндикти сүйгөн, энергиясы, амбициясы күчтүү болушат. Алар айланасындагы бардык адамдар менен тил табышып, коомго тез аралашып кетишет. Амбициясы күчтүү болгондуктан жасайм дегенин жасап, өзү каалагандай жашоону жактырышат. Ошондой эле алардын жашоонун жаңы барактарын ачууга мүмкүнчүлүктөрү абдан көп десек болот. Булар жамаат менен иштөөгө караганда жалгыз иштөөнү жактырышат. Себеби эркиндикти сүйгөндүктөн бирөөгө көз каранды болууну жактырышпайт.

Ушул күнү жарыкка келгендер бактылуу адамдар, айланасы ийгилик менен сүйүүгө курчалган. Жакын адамдарына жана досторуна ар дайым камкордук көрсөтүп, көңүл буруп турушат. Ал эми жеке мамиледе көз каранды болууну жактырбаганы менен, булар үчүн сүйүү мамилеси негизги ролду ойнойт. Алар өнөктөшүнө эмоциясын ачык билдирип, жакын мамиледе болууга аракеттенишет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан