НТС телеканалынын башчысы Миржан Балыбаев: "НТСке рейдерлик басып алуу аракети жүрөт деген маалымат тастыкталган жок"

"НТС телеканалына карата рейдерлик басып алуу иш-аракеттери жүрбөйт. Мындай тастыктоону тиешелүү тараптар билдирди", - дейт телеканалдын башчысы Миржан Балыбаев. Анын айтымында, буга чейин НТС телеканалын рейдерлик менен басып алуу иш-аракети жүрүшү мүмкүн деген маалыматтар тараган.

"Буга чейин биздин башыбыздан мындай окуялар өткөнүн баарыңар билесиңер. 2017-жылдын 19-декабрында бизге рейдерлик басып алуу аракеттери жүргөн. Дал ошондой иш-аракеттер бүгүнкү күндө да кайталанары тууралуу маалыматтар чыккандан кийин бул ирет да андай көрүнүшкө жол бербөө үчүн чукул маалымат жыйын өткөрүүнү пландаганбыз. Тиешелүү тараптардан тастыктап, сураштырсак, ал маалымат ырасталган жок. Бүгүнкү күнгө карата маалымат ушундай. Ушул себептен маалымат жыйын уюштуруунун зарылчылыгы жок деген чечимге келдик. НТС телеканалы штаттык режимде өз ишин алып барып жатат", - деди Балыбаев.

Буга чейин бүгүн,12-апрелде саат 14:00дө Акипресстин маалымат борборунда НТС телеканалынын айланасындагы кырдаалга байланыштуу чукул маалымат жыйын өтөрү тууралуу маалымат айтылган. Көп өтпөй аталган маалымат жыйынды уюштуруу токтотулган.

2017-жылдын 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nabievich
2019-04-12 16:46:44
Бабанчик комерциянын энесин таанытат ал киши менен ойношпо ХХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан