Орусиянын президенти Владимир Путин менен премьер-министри Дмитрий Медведевдин декларациясы жарыяланды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Кремлдин сайтына таянып жазышууда.
Орусиянын президенти 2018-жылы 8 миллион 648 миң 353 рубль тапкан. Былтыркы жылы Путиндин кирешеси 2017-жылга салыштырмалуу 10 миллион рублге аз болгон. Путиндин менчигинде 77 жана 153,7 чарчы метрлик батир, ошондой эле 18 чарчы метр өлчөмүндөгү гаражы бар. Ага катталган эки автоунаа ГАЗ М21, Нива жана "Скиф" деп аталган чиркегичи бар.
Орусиянын премьер-министри 2018-жылы 9 миллион 917 миң 510 рубль тапкан. Медведевдин кирешеси 2017-жылга салыштырмалуу 1 миллион 400 миң рублга көп. Анын 49 жылга ижарага берилген 47 сотук жер аянты бар. Медведевге 367 чарчы метр батир, ГАЗ-20 , ГАЗ-21 эки унаасы жана Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаа таандык.