Быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу ички дүң продукциянын көлөмү 5,3 пайызга өсүп, 104 миллиард 5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялады.
"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продукциянын көлөмү 90 миллиард 7 миллион сом өлчөмүндө түзүлүп, өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 1,4 пайызга жогорулады. Ички дүң продукциянын өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-мартына 111 пайызды, ал эми кызмат көрсөтүү тармактары 101,1 пайызды түздү", - деп жазылат маалыматта.
11-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутаттар Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы шек жаратып жатканын айтышкан. Депутат Руслан Казакбав аталган комитет өкмөттүн алдындагы менчик ишкана болуп калганын билдирген.