Суданда аскердик төңкөрүштөн кийин сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды жокко чыгарышты

Судандын аскердик кеңеши сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды жокко чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө массалык митингдер башталганда бийлик жалпыга маалымдоо каражаттарында чектөөлөрдү киргизген. Митингдер тууралуу жазууга тыюу салынган.

"Оппозициянын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда саясий туткундарды бошотуу, коррупция боюнча күнөөлүүлөрдү соттоо, ЖМКларга киргизилген чектөөлөрдү жоюу боюнча талаптар коюлду", - деп айтылат маалыматта.

11-апрелде Чыгыш Африкада жайгашкан Судан өлкөсүндө аскердик төңкөрүш орун алып, президент Омар аль-Башир үй камагына алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан