Орусияда курамында чочкого берилчү сүттүн кошулмасы бар ири көлөмдөгү кургак сүт табылды. Документтер боюнча сүт Кыргыз өлкөсүнө келмек

Орусияда кампалардын биринен жалпы салмагы 131 тонна кургак сүт табылды. Документтер боюнча товар Кыргыз өлкөсүнө жеткирилмек. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан Слуцкий облусундагы сыр жасоочу комбинаттардын биринен тиешелүү санитардык нормаларга жооп бербеген ири көлөмдөгү кургак сүт табылган.

"Тиешелүү документтерди текшерүү маалында кургак сүт Кыргыз өлкөсүнө жеткирилмек. Бирок кургак сүт Беларустан чыгып, кийин Орусиянын аймагына келген соң андан ары чыккан эмес. Тергөө иштеринин алкагында кургак сүт комбинаттын ичинен ар кандай кошулмалардын жардамы менен көлөмү 3 эсе көбөйтүлүп келгени да аныкталган. Кургак сүткө торпокторго жана чочколорго берилчү сүттүн кошулмалары менен аралаштырылып келгени ачыкталган. Комбинаттын ичиндеги болгон продукциялар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
keba300989
2019-04-15 09:25:26
Кыргызстанда эчкандай завот жок, келген товарларды текшере албайт деп каалаганын кылып сатып жатышат торпок чочкого берген азыктарын кыргызстандыктарга жөнөтсө билбей калдым.
+10
Erik2018
2019-04-15 09:29:15
Кыргызстан сүт менен өзүн өзү бакса болотго зачем Россиядан
+8
BarsBaatyr
2019-04-15 09:35:01
Орусиядан чыгып кеткенде бизге жөн эле жетип келмек. Биздикилер акчасын алып текшербей эле базарларга чыгармак да. Ансыз деле сырттан келген азыктардын кайсынысында эмне бар экенин бир Кудай билет.
+10
izdeim_seni
2019-04-15 09:42:46
"Бакиев күнөөлү. Кыргыздарды чочко менен торпокко теңеп, аларга берилүүчү кошулмаларды кошуп, сүт ичирейин дептир да...",-деп комментарий жазышса таң калбайм)))
+9
Stels
2019-04-15 20:45:50
izdeim_seni,Туура айтасын ошолор эле кылып атат)))
-2
Stels
2019-04-15 20:50:56
izdeim_seni, Белоруссиядан чыгып аткандан кийин баары биримдик да ,а бакиевтер ал жакта экспорт боюнча компанияларда иштешет Данияр Үсөнов баш болуп
+2
Benazir08
2019-04-15 09:45:19
Курук сутту аябай алышат го. Бизде айыл жергелерде мал жан коп сут саткан эчким жок Кр ны озубуз эле камсыздасак болот айылдан да сут алып кетишсе сонун болмок шаарга
+3
nargis
2019-04-15 10:17:46
Жакшы кармалып калыптыр , калганын билген киши жок, карапайым калк ала берет калган кошулмаларды деле. Ушул унду да жакшы бир текшерип коюшса жакшы болмок байытылган ун деп эле эмнелерди кошуп атышат билбейм го, бирок мурдагыдай эмес начар ун чыгып жатат же келип жатат .
+4
Altyn10076
2019-04-15 11:09:46
nargis,буудай сатып алып ун кылып же.
-8
bond02
2019-04-15 11:42:28
Бизди башка мамлекеттер малга тенеп калышкан го.
+5
Ysakov_Nur
2019-04-15 13:06:47
Биздин чондордун колунан эч нерсе келбейт.
По любому аягында "Акаев-Бакиевтер" куноолуу болуп чыгышат, коросунор го))))
+1
ekaterinburg
2019-04-15 14:07:22
Ар кандай оору чыкмак.Молодцы кармагандар.
+3
asash
2019-04-15 15:38:05
Уйдо Украинадан келген сгущённое молоко лорду албагыла десем жаман коруп, кулушот, алар эмне кошуп жиберип жатканын ким билиптир, мына кыргыздар торпоктор боло берет дешет да, дагы канчасын жеп койдук, уят эле мамлекет озунун продовольственный безопасностьун коргой албаса, экономика кундон кунго артка кетип жатат,кыргызга куйгон Жан качан чыгат, айта берсе арман коп
+4
altunbek78
2019-04-15 15:38:54
Мектепте жаш балдарга кургак сүт берип жатат да, чайга кашага кошуп. Азыр тендер деп утуп алып эмнелерди гана жеп жатышат жаштайынан, анан кайдагы ден соолук.
+3
nazarnew
2019-04-15 21:05:14
Бул жакшы кармалыптыр, кармалбай өткөндөру азыркы убакка чейин миллион болсо керек.
+2
senchi
2019-04-16 15:26:17
Товарды ким заказ кылат ошону кармагыла.
0
PROS
2019-04-16 21:28:06
Тиги 120ны ошо сүт менен багып жатышса керек да, семирип эле баратышат, кылган жумушунан дайын жок!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан