Дүйнөдөгү кооптуу канаттуулардын катарына кирген казуар ээсине кол салып, ал каза болду

АКШнын Флорида штатында ири канаттуу ээсине кол салгандан кийин ал каза болду. Бул тууралуу 14-апрелде Evening Standart басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 75 жаштагы Марвин Хайос аттуу жарандын жансыз денеси өзүнүн фермасынын аймагында табылган. Белгилүү болгондой, ал капыстан кулап калган кезде ага казуар кол салган.

Казуардын бою 1 метр 90 сантиметр, салмагы 60 килограммга жетет. Тырмактарынын узундугу 10 сантиметрден ашат. Чуркаганда ылдамдыгы саатына 50 чакырым аралыкка чейин жетет. Ал дүйнөдөгү кооптуу канаттуулардын катарына кирет.

Марвин Хайос Австралия жана Жаңы Гвинеядан алынып келген канаттууларды багып келген. Казуар АКШда азык-түлүк үчүн багылбайт. Бирок коллекционерлер арасында суроо-талап жогору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Umakg
2019-04-15 10:30:07
Мендагы ушундай канатууларды,Коен жана жош жаныбарларды баканы кызыгам
+1
nurhan2702
2019-04-15 11:02:29
Бакпай эле койсо болмок
0
ekaterinburg
2019-04-15 13:50:34
"Бору баласы ит болбойт"деген ушул да.
+5
Jasa
2019-04-15 15:32:28
ekaterinburg,макал бул темага туура келбей калдыго дейм)
-1
ekaterinburg
2019-04-16 22:27:30
Jasa,сен тушунбопсун тууган...
0
Samina007
2019-04-15 14:14:09
Аватарго өзүнчө эле:))
+1
Dembele84
2019-04-15 23:11:32
Казурады омурумдо биринчи жолу Москва зоопаркынан коргом,корунушу сурдуу экен...
0
Skarlett-Skarlett
2019-04-16 01:39:06
Биринчи жолу коруп,угуп жатам.Бакпай эле койбоптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан