Киевде ызы-чуу салган айдоочуну скотч менен мамыга байлап коюшту

Киевде ызы-чуу салган айдоочуну май куюучу жайдын кызматкерлери скотч менен мамыга байлап коюшкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып, видеосун жүктөгөн.

Маалыматка ылайык, ал айдоочу мас абалда унаасы менен май куюучу жайга айдап кирип, Toyota үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Андан кийин ал жана унаанын ичиндеги жүргүнчүсү машинадан түшүп жабырлануучуну муштуму менен уруп кирген.

"Жанындагы жүргүнчү аял колуна арактын бош бөтөлкөсүн көтөрүп алып жанындагыларга коркуткан сөздөрдү айтып жаткан. Бирок 2-3 эскертүүдөн соң тынчтанып калган. Ал эми айдоочу таптакыр тынчтанбай ызы-чуу сала бергенде ал жердегилер аны скотч менен мамыга байлап, полицияны күтүшкөн", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ysakov_Nur
2019-04-15 12:51:03
Биздин политиктерди да ушинтип ак уйдун жанына катарынан байлап коюу керек болуп калды...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан