Бишкекте январь айынан бери изделип жаткан 17 жаштагы Искендер Имамали уулу табылды. Бул тууралуу анын апасы Махабат Сулайманова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, уулу 13-апрель күнү саат 12:00 чамасында үйүнө келген.
"Уулум Таласта мал багып иштеп жүрүптүр. Мен аны Бишкекке алып келген адамды көрө алган жокмун. Кандай адамдын колунда иштеди көрөйүн деп жетишпей калдым. Уулум азыр жанымда. Ден соолугу жакшы эле экен", - деди Сулайманова.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
17 жаштагы Искендер Имамали уулу ушул жылдын январь айында үйүнөн жумуш издөө максатында чыгып кеткен. Апасынын айтымында, ал 9-классты аяктаган соң окуган эмес. Январь айында жумуш издеп, Талас облусуна же Сокулук районуна мал бакканга кетиши мүмкүн экенин досторуна айткан.