"Тез жардам" кызматынын материалдык-техникалык базасы "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында түшүп жаткан айып пулдардын эсебинен жакшыртылат

"Тез жардам" кызматынын материалдык-техникалык базасы "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында түшүп жаткан айып пулдардын эсебинен жакшыртылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечим өкмөттүн "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө" жыйынынын соңунда кабыл алынган.

"Финансы министрлигине Саламаттыкты сактоо министрлиги, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагындагы аппараттык-программалык комплекстерди пайдалануу боюнча финансы каражаттарын бөлүү маселесин карап чыгуу тапшырылган. Аппараттык-программалык комплекстерди пайдалануу аркылуу белгиленген Жол кыймылынын эрежесин бузуудан улам түшкөн айып пулдун суммасынан медициналык "Тез жардам" кызматынын материалдык-техникалык базасын камсыздоо маселеси каралат. Тийиштүү мамлекеттик органдар эки апталык мөөнөттө аталган маселе боюнча өз сунуштарын өкмөттүн аппаратына киргизүүсү зарыл", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан