Өзүнүн чачын эмгектерине кошкон сүрөтчүнүн эркиндикке, сүйүүгө чакырган "Улуу боштук" музейинен фоторепортаж

Эс алуу күндөрү смартфондон баш көтөрбөй, дале жалкоолукка баш ийип, үйдөн чыкпай жатасызбы? "Тоого барганда эмне чарчап келебиз" деп пессимисттик көз карашта уйкуга алданып жаткандар да болушу мүмкүн. Каражаттын жоктугу саякаттоого мүмкүнчүлүк бербей жатышы да ыктымал. Бул ирет арзан жана мээңизди эс алдыра турган сонун жай сунуштайм. Жол киреңиз кичи автобуста 10 сом, автобус менен барсаңыз 8 сом. Кирүү үчүн бир тюбик май боёкту чөнтөккө салып Чүй облусунун Орто-Сай айылына барыңыз.

Эртеден кечке музейди аралап, сүрөткө тартып, кааласаңыз жатып алып эс ала берсеңиз болот. Сизди эч ким "үйгө кет" деп куубайт. Болгону ар бир буюмга кылдаттык менен мамиле жасап, сүрөттөрдү ордунан жылдырбоо керек. Баса, таттуулар менен чай ичсеңиз да болот. Аларды сиз менен бизге окшош адамдар ала келишет экен. Карапайым эл көтөрүп келген майда-чүйдө татымдар дасторконго толуп, ал күн бою жайылып турат. "Салт боюнча чай ичпей кеткен болбойт" деген музейдин ээси, сүрөтчү Алексей Скреплев конокторду жылмаюу менен тосуп алып кайра узатканы жүрөктү жылытат.

"Музейдин тарыхында калгыңар келсе өзүңөргө керексиз буюмдарды алып келсеңер болот" деп айтып калышты. Төмөнкү сүрөттөр ага далил боло алат.

Буга чейин музейге кирүү акысыз деп угуп, бир кутуча май боёкторду алып бардым. Издеген даректи табуу оңой болду, себеби ал жердин жашоочулары жол көрсөтүп беришти. Музейдин сыртында кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылган экспонаттарды көрүүгө болот.

Коноктор көп экен, "бул сизге" деп алып барган боёкторду сунсам кубанычын жашырган жок.

"Чай ичип ал же биринчи кайсы жакка келип калганыңды билгиң келсе музейди айланып чык" деди музейдин негиздөөчүсү. "Сүйүү жана эркиндикте болуңуз" деген сүрөтчүнүн сөзү менен баштадым. Музейди айланып жүрүп сүрөтчү жазган кызыктуу жана маанилүү жазууларды көрүүгө болот.

Эки кабаттуу музей ичине кирген ар бир адамды сүйүү, эркиндик, сулуулук менен бирге өзгөчө дүйнөгө жетелейт. Ар бир сүрөткө өзгөчө мамиле жасалганы көрүнүп турат.

Мээнеткеч, өзүнүн дүйнөсүндө жашаган сүрөтчүдөн кызыккан суроолорума жооп алууга аракет кылдым.

- Музейдин ачылганына канча убакыт болду?

- Убакыт деген чектелүү, датага байланып качан ачылганы анчалык маанилүү эмес, негизгиси мындай нерселер адам кандайдыр бир сыноолорду өткөндөн кийин, өсүүдөн, өзгөрүүлөрдөн келип чыгат эмеспи. Анын жыйынтыгында сен экөөбүздүн баарлашуубуз, адамдар арасындагы бири-бирине болгон кең пейилдик, өзүңө эмне кааласаң ошондой мамиле кылып, биргеликте чыгармачылык менен жаңы бир нерсе жаратып жатканыбыз маанилүү.

- Кандай учурда сүрөттөрдү тартасыз?

- Эртең менен кадимки жумушчумун, имараттарды курам. Түштөн кийин, кечинде колго калем алып сүрөт тартып коём. Иш күндөрү жумушта болгондуктан жекшемби күндөрү таң атканда музейдин эшиги ачылып, саат 2ден кийин ар кандай лекциялар өтүлөт.

Бир боёк же мышыктарга тамак ала келсеңер болот деп жазылып турганынан суроо узаттым.

- Эмне үчүн музейге кирүү акысыз?

- Кирүү акысыз эмес, келген эл жүрөктөн чыккан акчасын ала келип, кутуга салып коюшат жана таттууларды да ала келишет. Ал эми сыр, боёк алып келүү көптөн бери келип жүргөндөргө салт болуп калган. Эң негизги максатыбыз - адамды руханий жактан байытып, жан дүйнөсүндөгү жарыкты ойготуу үчүн атайын чөйрө түзүү.

- Сүрөттөрдү сатасызбы? Негизи эле сатып алгандар барбы?

- Картиналарды сатпайм деле, мунун баары музей үчүн тартылган, сүрөттөр аркылуу эл менен сүйлөшөм. Буюртма берсе болот, акыркы жолу 4 жыл мурун тарткам. Бул жакта биздин кызыкчылык башка. Бардык нерсеге сүрөт тартса болот. Тээтиги өзүң көрүп турган цилиндрден баштап, айнекке чейин колдонула берет. Кызыгы бир картинанын ичинен бир нече материалдарды көрүүгө болот. Бул менен эле чектелип калгым келбейт. Жаңы адамдар менен буга чейин болуп көрбөгөндөй жаңылык жаратууга болот.

Өзгөчө эйфория абалына кабылып, жан дүйнөмдү жакшы сезимдерге байытып келдим. Сиздерге дагы сунуштайм, жагымдуу эмоциялар менен келериңиздерге кепилдик берем.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
deva
2019-04-19 16:38:05
Сонун экен го,барыш керек созсуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан