АКШда 4 жашар бала 6 жаштагы эжесин кокустан атып алып, ал каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, окуя Жорджия штатында болгон. Анда үй-бүлө мүчөлөрү жумуштары менен жолго чыгышкан. Бирок унаа жүрбөй жаткандыктан балдардын апасы унаага кароо жүргүзүү үчүн сыртка чыккан. Бул учурда унаанын ичинде 4 жаштагы бала калган. Ал ойноп отуруп тапанча таап алып, эжесин кокустан атып алган.
6 жашар кыз оор жаракат алып, дарыгерлердин катуу көзөмөлү дагы жардам бербей каза болуп калган.