УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун соту 7-майга жылдырылды

УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун соту 7-майга жылдырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Чолпон Жакупова социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Суталиновдун ден соолугу начарлап сотко келбегендиктен соттук отурум жылдырылды. Соттук отурум бүгүн, 15-апрелде өтмөк.

Буга чейин 9-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин күбө катары сурала турган өкүлү сот залына келбей калгандыгына байланыштуу судья отурумду 15-апрелге жылдырган.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

Жактоочусу Тимур Карабаев Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканын айтып, аны абактан бошотуу өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна кайрылган. Сот отурумунун жүрүшүндө, анын саламаттыгы боюнча чечим кабыл алган комиссия мүчөлөрү да Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканын айтышкан. Бирок Ленин райондук соту мамлекеттик айыптоочунун каршы болгондугуна таянып, Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pchelka85
2019-04-16 06:50:17
Кебетесин коруп бир чети боорун ооруйт. Кудайым денсоолук берсин... экинчиден убагындагы кылыктарын эстегенде "Кудайдын козу туз экен" дейсин... эмнеси болсо да кудайым денсоолук берсин...
+1
Mars575
2019-04-16 11:01:31
Бийлик кан ичпечи карасанар ооруп жатат го адам, сураныч!!!! Батукаевди бошоттунар го, адамдык касиет деген кайда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан