Парижде Нотр-Дам чиркөөсү өрттөнүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, шаар жашоочулары социалдык түйүндөгү баракчаларына чиркөөнүн чатырынан түтүн чыкканын жана коркунучтуу өрт болуп жатканын жазып жатышат. Азырынча өрттөн жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатканын басылмалар жазышты.