
Лондондо моюнун кырсылдаткан кыз инсульт алып баспай калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя болгон күнү 23 жаштагы Натали Куницки төшөктө кино көрүп жаткан, ал уйку алдында колу-бутун чоюп, моюнун кырсылдаткан.
"Күтүүсүздөн анын моюнунан катуу үн чыккан. Арадан 15 мүнөт убакыт өтүп, кыздын сол буту эч нерсе сезбей калган. Аны жакындары дароо ооруканага жеткиришкен. Компьютердик томографиядан кийин ал кыр арка сөөгүнүн артериясына доо кетирип алганы аныкталган. Мындан улам кыз инсульт алган. Ага тиешелүү операция жасалып, учурда дарылануудан өтүүдө. Анын сол тарабынын колу-буту иштебей калды. Бейтап өз сөзүндө "мен ичпейм, чекпейм, анан төшөктө жаткан жеримден мени менен ушундай окуя болгону таң калычтуу" деген", - деп айтылат маалыматта.