Белгилүү актриса Сальма Хайектин жолдошу Парижде өрттөнгөн чиркөөгө 100 миллион евро которду

Парижде өрттөнгөн Нотр-Дам чиркөөсүн калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү миллиардер үй-бүлөсүнүн атынан 100 миллион евро которду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, кайрымдуулук ишти жеке ишкер Франсуа-Анри Пинонун үй-бүлөсү жасаган.

"Атам Франсуа Пино экөөбүз өрттөнүп кеткен чиркөөнүн оңдоо иштерине "Artemis" компаниябыздын жалпы фондунан 100 миллион евро каражат бөлүп жатабыз", - деген ал.

Франсуа-Анри Пино - белгилүү актриса, режиссёр, продюсер Сальма Хайектин жолдошу. Жеке ишкер "Kering" компаниясынын башкы директору. Аталган компанияга "Yves Saint Laurent", "Balenciaga", "Gucci" жана "Alexander McQueen" кийимдер бренддери таандык.

Кечээ, 15-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:30 чамасында чиркөөдө өрт башталган. Окуя болгон жерге Франциянын президенти Эммануэль Макрон барган. Ал чиркөөнүн айланасына чогулган жарандарга тез арада калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөрүн убадалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Romantik.
2019-04-16 11:46:50
Акчаң болсо калтаңда, талтаңда да талтаңда)
+7
bekhaliev
2019-04-16 18:06:29
Дадилго банкалары
0
souza.j
2019-04-16 19:55:52
Кандай акча аа атан гору. Францияда мамлекетти бай адамдар каржылайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан