"Былтыр Орусиядан Кыргыз жарандары таштаган 75 ымыркай алып келинген" дейт депутат

Былтыр Орусиянын аймагынан Кыргыз жарандары тарабынан ташталган 75 ымыркай алып келинген. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.

"Былтыр Орусиянын аймагынан ата-энесиз калып ташталган 75 ымыркай алып келиниптир. Мамлекет үчүн бул уят нерсе. Эмне себептен мындай болду, кайсы мыйзамдарды өзгөртүү керек, кимди жоопкерчиликке тартышыбыз керек? Бир жылда эле 75 ымыркай! Буга чейин мен мындай нерсени уккан эмесмин", - деди депутат.

Өткөн жылы аткарылган иштер тууралуу отчёт берген башкы прокурор бул багытта тиешелүү иштер жасалып жатканын билдирди. "Бул багытта жер-жерлерде алдын алуу иштери аткарылууда. 75 бала боюнча тактап маалымат берейин", - деди башкы прокурор.

Депутат буга ким күнөөлүү экенин аныктоо керектигин айтты. "Себеби ал жакта миллионго жакын биздин жарандар жүрөт. Бүгүн 75 бала болсо, эртең 700 бала болот, муну токтотпосо өнөкөткө айланат", - деди Тиллаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
BarsBaatyr
2019-04-17 08:54:15
Тиешелүү иштер жасалып жатат деген эң популярдуу жооп. Биздин чоңдор үчүн.
+5
Aikaaaa
2019-04-17 09:21:55
Мен түшүнбөй калдым, буга прокурордун кандай күнөөсү бар? Ана Москва, мына Москва болуп атышса, безпредел болуп. Андан көрө ошол Кыргызстанга келгенден кийинки тагдырлары кандай болду экен балдардын.
Депутаттар ар кимди күнөөлөбөй, жеп ичкенди токтотуп, жумуш ордуларын түзсөңөр ошол мигранттарыбыз келишет
+3
Nur777
2019-04-17 09:47:41
Алып келинген эмес,алынып келинген.
+1
Benazir08
2019-04-17 10:16:48
Врачтар ар кимдин баласын жула калып сатып жатышат жок дегенде ушул 75 балдарды текшеруудон откоруп балага зарларга берип койгула эми болушунча болуптур. Кыз келиндер уят намысты сакталышын тилейм кыргыз журтун уят кылбайлы. Качан кыргыздын кыздары ушундай ишке барчу эле?!
+2
zhykyo
2019-04-17 10:47:26
Чет жерде иштегендер ХХХХХ эле токтомок
-1
karona12
2019-04-17 12:33:21
Бала багып алуунун жолдорун женилдетпесе бала сатуу токтобойт деп ойлойм.Бала багып алайын деп барсан толтура документ сурайт же бербейт.Ушуга окшогон балдардан балага зарлапга берсе болот да.
+1
baltabaev
2019-04-18 10:34:56
Эн жакшы,ким куноолу албетте склер))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан