Жанна д'Арк акталган, Наполеон таажы кийген, Дүйнөлүк согуштардан "аман" калган... Өрт жалмаган Нотр-Дам тарыхта кандай из калтырган?

От кучактап алгандай Нотр-Дамды өрт чулгаган мүнөттөрдөн тартып бүт дүйнө күзөтүп карап отурду. Кыргыз интернет колдонуучулары да четте калбай, дүйнөнүн эң белгилүү имараттарынын биринин жанында түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга азыркыга чейин бөлүшүп жатышат. А бирок арабызда Нотр-Дамды соңку кабарлардан гана окуп билгендер жок эмес. Бул сапар эң бийик же эң чоң болбосо да, эң атактуу деген баа тапкан чиркөөнүн тарыхта калтырган издерин карап чыктык.

Париждин символу, Эйфель мунарасы менен Лувр музейинен кем калбай туристтерди өзүнө азгырып турган Нотр-Дам 12-кылымдан тартып (ред. чиркөөнүн биринчи ташы 1163-жылы коюлган) курула баштап, анын курулушу 200 жылдай убакытка созулган. 19-кылымда реставрация жүргүзүлгөн жана кечээ өрт учурунда күйүп кулап түшкөн мунаранын башындагы шиш ошол кезде тургузулган.


Дээрлик 10 кылымдык тарыхы бар Нотр-Дамдын башынан кандай гана окуялар өткөн эмес?.. Анын тушунда Франциянын ондогон башкаруучулары бийликке келип кеткен, монархтардын никеси кыйылып, жоокерлерин чоң согуштарга узаткан, революцияларга күбө болгон жана бир эмес, эки дүйнөлүк согушту көргөн. Анда Франция падышачылыгынын биринчи парламенти чогулган. Жанна д'Аркты реабилитациялоо боюнча процесс дал ушул жайда каралып башталган. Нотр-Дамда Наполеон I Бонапарт император деп жар салынган. Биринчи дүйнөлүк согушта да, экинчи дүйнөлүк согушта Париждин символу "аман" калган. Айрыкча экинчи дүйнөлүк согушта авиация шаарды талкалап салганына карабай, чиркөөнүн ошого туруштук бергенин керемет дегендер бар.

Норт-Дамды жазуучу Виктор Гюгонун романынан билгендер да көп. Анын "Собор Парижской Богоматери" деп аталган чыгармасы чиркөөнү бузуп салуу же заманбапташтыруу керек деп жаткан учурдан сактап калган. Романдын башкы персонажы, бүкүр Квазимодо өзүнүн түрү сууктугу менен жергиликтүү жашоочуларды коркутуп, чиркөөдөн түнөк табат.


Тилсиз жоодон кийин Нотр-Дамдын эмнеси соо калды? Чиркөөнүн чатыры урап, бирок 400дөй өрт өчүрүүчү 10 сааттай кырсык менен күрөшүп жатып, каркасты сактап калышты. Искусство буюмдарын да алып чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Азырынча өрттүн келип чыгышына кокустук себеп болду деп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krasnoebeloe
2019-04-17 15:04:27
Мм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан