Алайда "кызымды ала качып кетишти" деген аялдын арызы териштирилүүдө. 16 жаштагы кыз өз макулдугум менен келин болгом деп жатат

Ош облусунун Алай районунда жашы жете элек кызды ала качуу фактысы териштирилүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык милициядан кабарлашты.

Маалым болгондой, Алай РИИБине 15-апрель күнү 52 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Арызында жашы жете элек 16 жаштагы кызын Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну никеге туруу үчүн мажбурлап ала качып кеткени жазылган. Арыз боюнча териштирүү жүргүзүлүп, Ош шаарында ала качуу болгону да аныкталган.

"Тергѳѳ амалдарынын алгачкы жүрүшүндѳ 16 жаштагы кыз суракка алынган. Ал кыз "Ала качкан жигит менен көптөн бери тааныш болгом. Ал менен жыныстык катнашка зордук-зомбулуксуз эле барып жүргөм. Мени ала качканда өз эрким менен жигиттин үйүнө киргем. Мага эч ким күч колдонгон эмес, өз эрким менен келин болуп баргам" деп айтып берген. Учурда тараптардын кѳрсѳтмѳлѳрүнүн чын-тѳгүнү текшерилүүдѳ.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 177-беренеси (никеге турууга мажбурлоо) менен катталган. Кыздын денесинде жарааттары бар же жогун аныктоо, ошондой эле кийип жүргөн кийимдерине соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда бул факты боюнча тергѳѳ жүргүзүлүп жатат. Аныкталган жаңы жагдайлар боюнча кошумча маалымат берип турабыз", - деп билдирет Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
katerina.li
2019-04-16 18:21:10
16 жаш. Эээх. Эмитен эле жыныстык катнашта болуп жургону жаман экен. Кудай сактасын.
+7
aliya-leyla
2019-04-16 21:13:47
Кудай сактасын. Жашы жете элек болсо арыз жазбай эле иш козголуп азыр
+2
Benazir08
2019-04-17 03:47:11
Ото чатак иш болуптур почти баардык кыз аттуу 20 22 ге жеткиченди жанылып атышат коп эле угуп жатам. Кыз баланы тарбиялаш ото ото кыйын тура. Кыз апасын уят гана кылыптыр да эми кар басты из басты болуп тынып кал ошол Кара Суулук тирике
+3
taalay25
2019-04-17 09:28:12
Олду го дардин
0
tynara81
2019-04-17 10:26:53
Кыз өзү макул болсо да бол жаса деп жатып бербегендир. Алдаган да кулакка жагымдуу сөздөрү менен. 18 жашка чейинки кыз менен жыныстык катнашка баруу кылмыш эсептелсе керек эле, кыз макул болсо деле. Өткөөл куракта тез алданат да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан