Түштүк кореялык "BTS" тобу YouTube`да сутка ичиндеги көрүүлөр боюнча "BlackРink" тобу койгон рекордду жаңылады. Бул тууралуу 14-апрелде Твиттердеги YouTube Music баракчасына жарыяланды.
Белгилүү болгондой "BTS" тобунун клиби интернетке жүктөлгөндөн кийин, бир сутка аралыгында 74 миллион 600 миң көрүү топтогон. Буга чейин "BlackРink" тобунун "Kill This Love" ырына тартылган клип 56 миллион 700 миң көрүү менен Ариана Гранденин рекордун басып өткөн эле. Америкалык ырчынын "Thank u, next" клибинин көрсөткүчү 2018-жылы ноябрь айында 55 миллион 400 миңге барабар болгон.
12-апрелде "BTS" тобу америкалык ырчы Хэлси менен биргеликте аткарган "Boy With Luv" аттуу ырына тартылган клипти тартуулады. Клип бир саат аралыгында дароо эле өлкөдөгү музыкалык чарттарда алдыңкы орунга көтөрүлгөн.