Кыргыз өлкөсүндө 9-майдан 12-майга чейин эс алуу болот. Бул тууралуу өкмөттүн токтому чыккан.
Май айында 3 расмий майрам белгиленип келет. Алар: 1-Май - Эмгек күнү; 5-Май - Конституция күнү; 9-Май - Жеңиш күнү. Быйылкы жылы 5-май жекшемби күнгө туш келгендиктен, анын эртеси 6-май дем алуу күнү болушу керек эле. Бирок иш жана эс алуу күндөрүн рационалдуу колдонуу максатында өкмөт токтом кабыл алып, ага ылайык, эс алуу 10-майга жылдырылган.
Ошентип, беш күндүк иш графиги менен мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар, мекемелер менен ишканаларда эмгектенгендер үчүн 9-майдан 12-майга чейин эс алуу болот. 1-май шаршемби күнгө туш келгендиктен, ал күнү да мамлекеттик кызматкерлер дем алышат.
2019-жылдагы эс алуу күндөрү кантип бөлүштүрүлгөнүн бул шилтемеден көрө аласыз.