Чилиде учак турак жайдын үстүнө кулап, 6 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 16-апрелде Пуэрто-Монт шаарында болгон. Учактын ичинде канча адам болгону тууралуу так маалымат жок, айрымдар 6 десе, кээ бирлер 8 адам болгон деген маалымат таратууда.
"Аймактын жетекчиси Гарри Юргенсен учактын ичинде 6 адам, анын төртөө эркек жана экөө аял киши болгонун билдирди. Бирок ал каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деп билдирген. Ошондой эле турак жайдан алыс эмес жерде кетип бараткан 50 жаштагы аял ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша, учак турак жайдын үстүнө кулаган учурда үйдө эч ким болгон эмес. Учак кулагандан кийин өрт башталган. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.