Бүгүн,17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар боюнча айыпталып жаткан "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаевдин баш коргоо чарасы каралууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, баш коргоо чара каралып баштаганына 15 мүнөттөй убакыт болду. Азырынча чечим чыга элек.
Буга чейин УКМК жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталганын айткан.