Бүгүн, 17-апрелде АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында "Худжанд" - "Дордой" беттеши орун алып, бишкектик клуб жеңилүүгө дуушар болду.
Беттештин 16-мүнөтүндө "Дордойдун" жарым коргоочусу Бекжан Сагынбаев эсеп санын ачып, командасын алдыга алып чыкты. Бирок 42-мүнөттө талаа ээлеринин капитаны Дильшот Восиев эсепти теңдеп, оюндун 1-бөлүгү 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.
2-бөлүктүн башында "Дордой" клубу конокто ойноп жатканына карабастан активдүү оюн көрсөтүп жатты. Буга карабай 63-мүнөттө коноктордун дарбазасына көтөрүлгөн топту кайрадан эле Восиев дарбазага таамай сүзүп, талаа ээлерин алдыга сүйрөп чыкты. "Дордой" клубу эсепти теңегенге болгон аракетин жумшап, бирок жыйынтык чыккан жок. Беттештин соңку көз ирмемдеринде Азамат Байматов айып аянтчасында эреже бузуп, 2-сары кагазга ээ болуу менен оюндан четтетилди. Дайындалган 11 метрлик айып соккуну Жахонгир Эргашев таамай аткарып, Худжанд клубу 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
"Дордойдун" башка атаандаштары "Алтын Асыр" менен "Истиклол" клубдарынын өз ара беттеши 1:1 эсебинде аяктады. Жыйынтыгында D тайпасынын сап башында 4 упайы менен "Истиклол" клубу турса, 3 упайга ээ болгон "Худжанд" клубу 2-орунга жайгашты. 3-орунда 2 упай топтогон "Алтын Асыр", 4-орунда 1 упайы менен "Дордой" клубу турат.
Кийинки турда бишкектик клуб тайпанын лидери "Истиклол" клубу менен кез келет. Беттеш 1-майда, Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында орун алат.