Грециядагы байыркы Акрополь чебине чагылган түштү

17-апрелде Грециядагы Акрополь чебине чагылган түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эстелик жарактан чыккан жок, бирок эки күзөтчү жана эки турист жаракат алды. "Чагылган түшкөндөн кийин Акрополь убактылуу жабылды. Жаракат алгандарга айнектин майда сыныктары тийди. Туристтер биринчи жардам алгандан кийин ооруканадан чыгарылып, күзөтчүлөр ооруканада калды", - деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан