Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралууда. Депутат Зиядин Жамалидинов Кызыл-Кыя шаарында 30 жылдан бери курулуп бүтпөй жаткан мектеп боюнча маселе көтөрдү.
"Кызыл-Кыя шаарында БАМ кичи району бар, ал жерде мындан 30 жыл мурун мектептин курулушу башталган. Мектептин пайдубалы тургузулган, бирок кийин курулуш иштери токтотулган. Бүгүнкү күндө ал жерде жашаган тургундардын саны көбөйгөн. Учурда жергиликтүү тургундар бизге бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен кайрылууда. 30 жылдан бери мектептин курулушу бүтпөй жатканы уят. Ушул маселени көзөмөлгө алуу керек", - деди депутат.