Эл өкүлү Аксы районундагы мектепте жагымсыз жыттан улам мугалимдер жана окуучулар эс-учун жоготуп жатканын билдирди

Аксы районундагы мектепте жагымсыз жыттан улам мугалимдер жана окуучулар эс-учун жоготуп жатканын бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов билдирди.

"Аксы районундагы Мамадали Парпиев атындагы орто мектептин имаратынын курулушу табигый кырсыктан кийин 3 айдын ичинде шашылыш түрдө курулган. Курулуш иштерине начар сапаттагы шаймандар колдонулгандыктан азыр анда кандайдыр бир жыт чыгып, мугалимдер менен окуучулар эс-учун жоготуп койгон учурлар көбөйүп жатыптыр. Жадакалса, ал имаратта гүл дагы өспөйт экен.

Мен бул маселени такай көтөрүп келем, бирок бүгүнкү күнгө чейин чечилген жок. Ата-энелер балдарыбызды бул имаратта окутпайбыз, биз үчүн алардын ден соолугу кымбат деп кайрылып жатышат. Өкмөт бул маселеге жакшылап көӊүл буруп, быйылкы жылдын капиталдык салымдар тизмесине киргизип, жаӊы окуу жылы башталганга чейин жаӊы имарат куруп бериши керек. Ансыз балдардын билим алуусу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kubat77
2019-04-18 13:39:21
Кайсыл фирма курган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан