Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы жылдын аягына чейин ишке берилет. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта ооруканада тиешелүү медициналык жабдыктарды орнотуу иштери улантылууда.
"Ооруканага орнотулчу кымбат баалуу аппараттарга тендер жарыяланган. Жакынкы убакыт аралыгында алар алынып келиши керек. Муну менен бирге оорукана боюнча келишимдерди ратификациялоо иштери жүрүүдө.
Түрк тарап өзүнө алган жоопкерчиликтер боюнча иштерин аткарууда. Жогорку Кеңеш колдоп, президент келишимдин ратификациясына кол коюп берсе, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тууралуу түрк тарапка билдирүү жөнөтөт. Оорукана болжол менен жылдын аягында ишке кирет”, - деди Чолпонбаев.