Программисттер ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азис Абакиров: "Урматтуу президент! Биз эми сизге ишенбейбиз"

Кыргыз өлкөсүнүн Программисттер ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азис Абакиров президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, Санариптештирүү боюнча президенттин алдындагы кеңештен өз ыктыяры менен чыкканын жарыялады. Ал "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаевдин камалышына нааразы болуп ушундай кадамга барганын жарыялап чыкты. Талант Абдуллаев жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар боюнча айыпталып, кечээ 2 айга камакка алынган.

"Урматтуу президент! Президенттин алдындагы санариптештирүү боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү Талант Абдуллаевдин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин коррупция боюнча камалышын, укук коргоо кызматтарында болуп жаткан учурдагы баш аламандыктарды көрүп туруп, сиздин бул көрүнүштөргө унчукпай макул болуп жатканыңыз мени бул билдирүүнү жасоого мажбур кылды", - деп билдирүүсүн баштаган.

"Жарандардын укуктары одоно бузулуп жатканын көрүп жатабыз. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча нормалар да одоно бузулуп жатат.Сатып алуучу уюмга карата келишимге кол койгонго чейин эле таасир этүүчү басым болуп саналат. Азыр укук коргоо органдары, сот системи тендердин катышуучуларынын биринин кызыкчылыгын одоно колдоп жатканы көрүнүп эле турат. Тарыхта биринчи жолу сынактын жыйынтыгы чыкканга чейин эле кылмыш иши ачылып жатат", - деп билдирүүсүн улайт Абакиров.

Буга улай, ал Абдуллаевдин иш билгилигин жана буга чейинки жасап өткөн иштерин санаган. "Тилекке каршы, Талант эми сиздин катарда эмес, урматтуу президент! Мен бул баш аламандык менен макул эмес экендигимди билдирүүгө мажбур болуп, президенттин алдындагы эксперттик кеңештен чыгарымды жарыялайм. Биз үчүн ар бир программист, ар бир технолог кымбат. Сизге Кыргыз өлкөсүн жакшы жакка өзгөртүүгө мүмкүн болгон тарыхый жоопкерчилик берилип, ал үчүн сизге жардам берүүгө даяр болчубуз. Өзүбүздү мыкты келечекке бара жатабыз деп кандайдыр бир өзгөрүүгө үмүттөнүп, агым менен кете бергенге мүмкүн эмес. Өзгөрүүлөр азыр жана дал ушул учурда болушу керек болчу! Сиз менен макул эмеспиз! Биз сизге ишенбей калдык, урматтуу президент!" - деген Азис Абакиров.

1-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болгон. 16-апрелде иликтөөнүн жыйынтыгы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин УКМКнын маалымат кызматы тастыктаган.

17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Айыпталып жаткандар "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев. Алар жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендердеги мыйзам бузуулар боюнча айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zhaku2017
2019-04-18 18:03:24
Жээнбековтор эки жуздуу адамдар экен. Шайлоого чейин башкача жуз коргозуп, шайлоодон кийин такыр башкача жузун коргозушту. Жээнбеков Атамбаевтин колдосуу менен бийлике келип эми чыккынчылын эл коруп койду. Айрым депутаттар такыр эле Жээнбековтор жана анын айланасындагы кошомотчылардын мыйзамды одоно бузуп жатканын коруп турушса дагы унчуккпай отурушат. Демейде Атамбаевге келгенде кыйкырынып чыга келишет. Эки жуздуулордон олко онукпойт.
+6
Kairat1996
2019-04-18 18:17:48
Демейдеги кыйкырган депутаттар отурушат ун катпай. Жээнбектордун одоно мыйзам бузууларын колдоп отурушат. Эми ушул эки Жээнбеков далай адамдардын, уюмдардын укугун талкалайт. Бакиевтердин методун колдонуп жатышат.
+4
Farra16gsin
2019-04-18 18:37:39
Президентке менда ишенбей калдым шайлоодо башкалар айлыкты 25миң кылам деп атат мен 26 миң кылам деген ошол сөзүнө турган жок гос жумуштагылар айлык менен эле жашайт анан ишенгенбизда 10миң сом албай 15миң алабызго деп
+4
aydinnur
2019-04-18 18:50:02
Мыйзам өлдү (((Бакиев-2 бийлиги жүзүн ачык көрсөттү...
+6
yrmat88
2019-04-18 19:21:03
Жээнбеков элдин умутун эч актаган жок. Президент озу мыйзады бузуп жатса, анда башкасын айтпай эле коелу.
+3
Pamirlan
2019-04-18 22:46:59
Эл кыйналып жатат, качан онугобуз, ойлонушпайт бийликтегилер, шайлоо алдында айтылган анттын бири жок
+2
barakcha
2019-04-18 22:59:01
Саткынчылык эээээн жаман сапат!
+1
Mamiev
2019-04-19 11:13:42
.... Кирип кет ишенбесен. Кыргызча кайрылуу жасап кыргыз тилинде жазбайсынбы. Эне тилин сүйбөгөн элин сүйүп жарытпайт дейт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан