Астананын жаштар маслихатынын VII чакырылышынын экс-депутаты, модель Динагүл Тасова экинчи жолу мода жумалыгына ич кийимсиз чыкты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, экс-депутат Kazakhstan Fashion Week мода жумалыгында грузиялык дизайнердин көйнөгүн кийип чыккан.
Бул жолу подиумга ич кийимсиз чыккан депутат сынга кабылып, интернетте талкуу жаратууда.
Буга чейин 2018-жылдын декабрь айында Тасова Fashion Night Astana мода көргөзмөсүнө катышкан. Анда ал Dana Dyusembayeva мода үйүнүн кийимдерин ич кийимсиз кийип чыккан.
Динагүл Тасова 2018-жылдын октябрь айында "КМШ топ модели-2018" сынагына катышып, белгилүү болгон.