Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайы 22-апрелден 26-апрелге чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол таштарды кулатуу иштерине байланыштуу жабылат. Аталган күндөрү жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан саат 9:00дөн 15:00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат. Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат.
Жолдо 30-40тай машина чогулуп калса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.