Түндүк Кореянын лидери алгачкы жолу Орусияга барып, Путин менен жолугат

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусияга апрелдин соңуна чейин иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кремлге таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын Орусияга алгачкы жолу барганы жатат. "Анын Владимир Путин менен жолугушуусу кайсы күнү жана кайсы жерде өтөрү так айтыла элек, бирок болжол менен Владивосток шаарында өтмөкчү. Адистердин айтымында, өлкө лидерлери Корей жарым аралындагы жана Азиянын түндүк-чыгыш аймагындагы коопсуздук маселелерин жана санкцияларды талкуулашат.

Буга чейин Ким Чен Ын АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушканда санкциялар маселеси башкы тема болгон. Жыйынтыгында Трамп Түндүк Кореянын лидери санкцияларды жокко чыгарууну сураганын, бирок АКШ буга даяр эместигин билдирген", - деп жазышты басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан