Орусияда күйөөсү эски диванды өрттөп салды. Аялы анын ичине 1,5 миллион рублду батир алуу үчүн чогултуп келген

Орусиянын тургуну ичинде 1,5 миллион рубль катылганын билбей эски диванды өрттөп салган. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Брянск шаарында орун алган. Анда үйүндөгү эскилиги жеткен буюмдардан арылууну чечкен жергиликтүү тургун эски диванды да кошо өрттөп салган.

"Бул окуя тууралуу жергиликтүү банктын эксперти Людмила Грицук айтып берген. Аталган жаран үй алам деп акча чогултуп, аны темир чайнекте сактап келген экен. Үйүн жыйнап жаткан аялы чайнекти эски диванга бекитип, бирок бул тууралуу күйөөсүнө айтпай калган. Күйөөсү аялы үйүндө жок учурда эски буюмдарды, эски диванын да өрттөп салган. Ал диванда көп убакыттан бери чогулткан акчалары болгонун кийин уккан. Натыйжада 1,5 миллион рублдун ичинен жарым-жартылай күйгөн 117 миң 500 рублду банк аркылуу алмаштырууга мүмкүн болгон", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Targarien
2019-04-19 09:22:46
Буйрубаса бекер экен, Сары майдай сактасан да, Сууга айланып кетер экен
+13
Kubat77
2019-04-19 12:49:34
Акчаны азыр деген банкта сактайтта, темболе россияда болсо .
0
mirkaa5182
2019-04-19 12:59:14
Ай жалка болуптур да
+1
Povetkin
2019-04-19 14:34:08
Буйурубаса Айла жок деген ушуда
+3
ai_bi0914
2019-04-19 15:21:21
жалко болуптур
+1
asha302
2019-04-19 16:57:12
Дагы жакшы күйгөн сумманы алмаштырып бериптир банк
+1
Kalnazarov89
2019-04-19 17:00:41
Куйоосу эле иштетип жиберип не кылышты билбей орттогонго диванды.
+2
NURSAPAR
2019-04-19 18:47:52
Ошондуктан күйөөңөрдөн эч нерсе жашырбагыла...
+5
Kgda
2019-04-19 19:39:36
Эми дагы батирде жшагыла.
0
Respect.
2019-04-19 19:51:38
Кеңешип кескен бармак оорубайт деп бекеринен айтылган эмес да, аялы акча чогултуп жатканы жөнүндө күйөөсүнө айтыш керек болчу. Күйөөсү эски буюмдарды өрттөп жатканы жөнүндө аялы менен кеңешиш керек болчу...
+5
ulanbek2000
2019-04-19 21:52:09
Акча колдун кири деген ушул да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан