Австралиянын Хеленсвейл шаарында жапайы кенгуру жарым жылаңач моделдердин фотосессиясына келип, бийкечтерди качырды. Бул окуя видеого түшүп калды.
Видеодо көрүнгөндөй, бикини кийген алты бийкеч кенгурудан качканга аракет кылып, бири бассейнге секирди. Экөөнүн бассейнге секирүү аракети ишке ашпай калган. Дагы бири дарбазадан секирип өттү. Эч кимиси жабыркаган эмес.
Буга чейин 2018-жылы Австралияда кенгуру бир үй-бүлөнү ур-токмокко алганы айтылган.