Казакстандын Актау шаарынын тургунунун окуучу кызга жасаган орой мамилеси видеого тартылып, кызуу талкууга алынды. Анда эркек киши унаасын токтото калып, кызды желкесинен кармап, сүйрөп чыгып түртүп жиберген. Бети менен жерге кулап түшкөн кыз ыйлаган абалда ордунан тура калып башка унааны көздөй басып кеткен.
Полиция кызматкерлери окуучу кызды орто жолго таштап кеткен жаранды издеп, эгер ал атасы болсо 500 миң теңге өлчөмүндөгү айып пулга жыгыларын айткан. Издөө иштери көпкө узабай эле кызга орой мамиле жасаган жаран табылып, ал окуучунун жакын агасы болору далилденген. Тартип сакчылары профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин ал коё берилген.