Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев Бишкек мэриясын конденсациялык от казандарга өтүүнү сунуштады. Мындай сунушун ал бүгүн, 19-апрелде парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.
“Мындай от казандардын атмосферага болгон зыяны азыраак. Ал эми буга чейинки колдонуп келинген от казандардын зыяндуу заттарды абага чыгаруусу 44 тоннаны түзөт. Ал эми конденсациялык от казандан зыяндуу заттарды абага чыгаруусу болгону 1 тоннаны түзүүдө. Мен бул сунушту карап чыгууну сунуштайм”, - деди Жунушев.